Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенге барып келген депутаттар жабык жыйында маалымат берип жатат

Анын алдында Султанбай Айжигитов менен Мирлан Самыйкожо билдирүү жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Баткенге барып келген депутаттардын маалыматын жабык эшик артында угууну сунуштады.
"Сиздерден суранат элем, ушу маселени жабык эшик артында карасак. Бул менден жеке сураныч", — деди спикер.
Натыйжада маселе жабык каралмай болуп, ЖМК өкүлдөрүн залдан чыгарышты.
Анын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын себептери жана соңку протоколдун кесепеттери тууралуу Султанбай Айжигитов менен Мирлан Самыйкожо билдирүү жасаган. Анда да Айбек Маткеримов чыгып жабык кароону сунуштаган, бирок добушка койгондо өтпөй калды.
Мадумаров: чек араны тактоодо "Кемпир-Абад" Өзбекстанга өткөнү айтылууда