Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда министрлер кабинетинин Баңгизатка каршы программасы жана аны ишке ашыруу боюнча 2022-2026-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилди. Мындай чечим калк арасындагы баңгичиликтин деңгээлин жана ага байланыштуу терс кесепеттерди азайтуу максатында кабыл алынганын Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2010-2011-жылдары баңгизатка көз каранды адамдардын саны 10 миң 800 болсо, 2022-жылдын 1-январына карата алынган маалыматка ылайык 8 226 кишини түзөт.
"Мыйзамсыз баңгизаттардын жүгүртүлүшү, ага болгон суроо-талап жана анын терс кесепеттери Баңгизатка каршы программа жана аны ишке ашыруу боюнча 2022-2026-жылдарга бекитилген иш-чаралар планы боюнча көзөмөлдөнөт. Мындан тышкары, баңгизаттардын медициналык жана илимий максаттарда колдонулушун камсыздоо каралган. Ал эми синтетикалык баңгизаттын түрлөрүнүн жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөн жаңы тутумдар иштелип чыгып, синтетикалык баңгиден тышкары өлкө аймагына алып келинип жаткан психоактивдүү заттар изилденет. 1994-жылы Кыргызстан 1961-жылдагы Баңги каражаттары боюнча бирдиктүү конвенцияга, 1971-жылдагы психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга жана 1988-жылдагы Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы БУУнун конвенциясына кошулган. Ага ылайык, өлкө баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүү, анын колдонулушун алдын алуу, ооруну басаңдатуучу баңгизаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо сыяктуу андагы талаптарды аткарууга милдеттендирилген. Бул татаал тутум болгондуктан жүзөгө ашырууга жалгыз Кыргызстандын кудурети жетпейт. Ошондуктан ДССУ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет жана Баңгизаттар боюнча комиссия колдоо көрсөтүп, каржы жагынан жардам берип келет", — деди Шигаев.
Ал баңгизатка көз каранды адамдардын көбү Бишкек, Ош шаарында жашай турганын, 58 пайызы 40 жаштан өткөн адамдар экенин кошумчалады.