Радио

Мукаев: ЕЭК кеңешинде жүк ташуу маселесине көңүл бурулат

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Мукаев Евразия экономикалык комиссиясынын кийинки жыйыны ушул жылдын 7-октябрында өтөрүн айтты.
Sputnik
ЕЭК кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурулуп, бир катар көйгөйлөр каралат. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕЭК кеңешинде жүк ташуу маселесине көңүл бурулуп, чечүү жолдору каралып, чечим кабыл алынат.
"Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 23-сентябрда Москвада Кыргызстандын жетекчилиги менен кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары, товарларды маркалоо, энергетика, бажы алымдары, жүк ташуу сыяктуу тармактардагы маселелер тууралуу сөз болду. Жакында жылды жыйынтыктоочу отурумдар да өтөт. Бүгүнкү күндө жеке ишкерлер жүк ташуу багытындагы маселелерди карап берүүнү суранып келишет. ЕЭК кеңешинде жүк ташуу маселесине көңүл бурулуп, жолдору каралып, чечим кабыл алынат. Акыркы чогулушта 60 маселе каралган, бирок анын баарын толук карап, чечим чыгаруу үчүн 7-октябрда ЕЭК кеңешинин кийинки отуруму болот", — деди Мусаев.
Ошондой эле адис ЕАЭБдеги өнөр жай долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери маселеси чечилсе Кыргызстан үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн кошумчалады.