Министр Алмазбек Бейшеналиев кармалды

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кайрадан министр кызматына дайындалган. Реформаларды жүргүзүү, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

“Ал өзгөчө ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалган”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле ведомстводон ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты.
Бейшеналиев 2020-2021-жылдары ушул эле министрликти жетектеп, кийин Швейцариядагы элчи жана Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кайрадан министр кызматына дайындалган. Бейшеналиев реформаларды жүргүзүү, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан.
Ошондой эле анын тушунда мектеп директорлору сынак аркылуу тандалып алынды.
Адам сатууга шектелип 31 жаштагы келин кармалды. Сүрөт