АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстанга келет

12 күндүк турнеде Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстан, Непал, Бириккен Араб Эмирлиги жана Өзбекстанды кыдырат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткарып жаткан Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга келет. Бул тууралуу АКШнын ТИМинин сайтында жазылган.
Маалым болгондой, Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмирлиги жана Өзбекстанды кыдырат.
Анын турнеси 28-сентябрда башталып 12 күнгө созулмакчы.
"Аткаминер Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолугуп, сөз эркиндиги боюнча маселелерди талкуулайт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, ал Кыргызстан өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен да жолугушаары белгилүү болду.
"Сөзсүз түрдө бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен кезигип, зордук-зомбулук, гендердик теңсиздик темаларына токтолот", — деп жазылат маалыматта.
Анын ЖМК өкүлдөрүнө маек берери да кошумчаланды.
Аналитик: АКШ финансылык бомба даярдап жатат