БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Доллар кунунун бекемделиши башка валюта менен соодаланган негизги сырьёлук товарлардын кымбатташын шарттап, мындан эң эле жакыр делген импортёр өлкөлөр жапа чегүүдө. Бул тууралуу "Ачык инвестициялар" глобалдуу иликтөө компаниясынын алдыңкы аналитиги Олег Сыроваткин "Прайм" агенттигине айтып берди.
Ал импортёр мамлекеттер өнүгүүсүнө жумшай турган кошумча каражатты ресурска жумшоого аргасыз болорун белгиледи. Эксперттин айтымында, доллардын бекемделиши жакыр өлкөлөрдү америкалык валюта менен алынган карыз милдеттемелерин аткарууга кеткен чыгымды жогорулатат.
Сыроваткин дүйнөлүк экономикага доллар курсунун төмөндөшү пайдалуу экенин айткан. Аналитик АКШнын акча-кредиттик саясатын катаалдатышы америкалык валютанын күчтөнүшүн шарттап, нефть жана башка ресурстардын баасына таасир этип, бөлөк мамлекеттердин экономикасын рецессияга тушуктуруп жатканына токтолгон.