Адам сатууга шектелип 31 жаштагы келин кармалды. Сүрөт

Келин жаш кызды жакшы айлык төлөп берет деген шылтоо менен Түркияга жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Адам сатууга шектелип 31 жаштагы келин кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине белгисиз аял жакшы айлык төлөп берет деген шылтоо менен жаш кызды Түркияга жибергени тууралуу маалымат түшкөн.
"Кийин анын сөзүнө кирип Түркияга кеткен кыз адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган", — деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Адам сатуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө аталган ишке шектелип Чүй облусунун тургуну 31 жаштагы келин кармалган. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлганы маалым болду. Сот келинди камакка алуу боюнча чечим чыгарып, азыркы тапта адам сатуу фактысы боюнча тергөө иштери уланууда.
Екатеринбургда энеси сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга жөнөтүлөт