БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов борбордук бийликти кескин сындады. Элетте эмнеге өнүгүү болбой жатканын ичинен көргөндүгүн, буга система күнөөлүү деген пикирин билдирди.
"Бийликти борбордук бийлик эл менен бөлүшүшү керек. Өзүңөрдү өзүңөр баккыла деген маселени кабыргасынан коюп, өлкө башчысы, өкмөт башчы ошол тарапка көңүл бурушу зарыл. Антмейин бул иште алдыга жыла албашыбызга көзүм жетти, жергиликтүү бийликте калыптанган системаны ичинен көрдүм. Ким жетекчи болуп келбесин, Уинстон Черчиллди алып келип койсо да алдыга жылбайт", — деген Сулайманов.
Буга чейин маалымат кызматы Сулаймановдун өз каалоосу менен ишин тапшырганын билдирген.
Ага президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп берген.
"Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттик администрация кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып-жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап жатабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн", — деп билдирген ал бийликтин позициясын.
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңеште "Альянс" фракциясынан депутат болуп отурган.