Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин армиясынын кол башчысы РФ Башкы штабынын жетекчисинин артыкчылыгын моюндады

Залужный аскерий илимдин баары Россияда деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Башкы штабынын начальниги Валерий Герасимов — теңдешсиз аскерий стратег. Бул туурасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный Time басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мен россиялык аскердик доктринада өстүм, азыркыга чейин аскерий илимдин баары Россияда деп эсептейм. Герасимовдун колунда билим алгам. Анын жазгандарынын баарын окуп чыккам. Эң акылдуу адамдардын бири", — деди украин аскер башчысы.
Ошондой эле Залужный өзүнүн кабинетинде РФ Башкы штабынын жетекчисинин жазгандарын толугу менен сактап койгонун кошумчалаган.
Аны менен бирге эле ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнө НАТОнун элементтерин киргизип, россиялык жана советтик стандарттардан чыгарууга аракет кылып жатканын моюндады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
NYT: Украина АКШ берген HIMARS керекке жарабай жатканын моюндады