Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

NYT: Украина АКШ берген HIMARS керекке жарабай жатканын моюндады

Ракеталык система россиялык аскерлердин жабдууларына алгылыктуу таасир эте алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы Артемовск шаарындагы салгылашуу үчүн АКШ берген HIMARS залп атуучу ракеталык системасы керекке жарабай жатканын моюндады. Бул туурасында New York Times басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Украинанын Бахмуттагы (Артемовскидеги — ред.) командачылыгы жакында эле АКШ жеткирип берген HIMARS аталышындагы ракеталык система россиялык аскерлердин жабдууларына алгылыктуу таасир эте албаганын билдирди", — деп жазган гезит.
Басылманын маалыматы боюнча, Украина Куралдуу күчтөрү каршылаш тарап Батыштын ракеталык системаларына адаптацияланып калган деген тыянак чыгарышкан. Тагыраак айтканда, Россиянын аскер күчтөрү ок-дары сакталган кампаларын кайра бөлүштүрүп, чабуулдан анча зыян тартпагандай кылып коюшкан.
Гезит белгилегендей, союздаш күчтөр акырындык менен шаарды бошотуп, техника жана аскерлерин кыйратып, Украина Куралдуу күчтөрүн кысып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Израилдин курал-жарак жеткирбей жатканына таң калып, нааразы болду