ЕАЭБ ичинде суроо-талап күч адистиктердин тизмеси жыл сайын жарыяланат

Мыйзамга иш орношууну жеңилдете турган өзгөртүүлөр киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия жыл сайын рынокто суроо-талап күч болгон адистиктердин тизмесин даярдап сайтына жарыялап келет. Бул тууралуу ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев Бишкекте өтүп жаткан "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" форумунда билдирди.
"Бүгүн ЕАЭБ — биримдиктин бардык өлкөсүндө ээн-эркин иштей ала турган 93 миллион жумушчу", — деди Сагинтаев.
Министр аталган багыттагы маанилүү документтердин бири 2021-жылы күчүнө кирген ЕАЭБ жарандарынын пенсиялык камсыздоосу тууралуу макулдашуу экенин эске салды. Документ башка өлкөдө иштеп жаткан кишиге ошол мамлекеттин жараны менен пенсиялык укук жаатында бирдей шарт түзүп, эмгекчилердин пенсиясын экспорттоо боюнча маселени чечкен.
Сагинтаев ЕАЭБ тууралуу келишимге да маанилүү өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Алар жумушка орношуу үчүн келген өлкөдөн чыкпай туруп максатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өзгөртүүлөр күчүнө кирсе кошумча процедуралар жокко чыгат.
"Сагинтаев ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы муктаж болгон жумушчуларды аныктоо максатында жыл сайын суроо-талап күч болгон адистиктердин тизмесин даярдап, сайтына чыгарып келерин айтты. Кийин бул кесип ээлерине коюлчу квалификациялык талаптарды аныктап, ЕАЭБде иштеп чыгууга негиз болуп берет", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБде иштеген мигранттарга ыңгайлуу шарттарды иштеп чыгуу керек