Эскертүү! "Салык чек" лотереясынын экинчи туру 1-октябрда өтөт

Экинчи турда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 тиричилик техникасы ойнотулмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи туру 1-октябрда өтөрүн Мамлекеттик салык кызматы эске салды.
Маалыматка караганда, иш-чара "Ала-Тоо 24" телеканалында жана Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп, саат 16:00дө башталат.
"Бүгүнкү күндө лотереяга 130 миң адам катышууда. Ушу тапта алар 11,1 миллиард сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүп, 16,6 миллиондон көп лотереялык ID-билеттерди алышты", — деп жазылат маалыматта.
Экинчи турда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 тиричилик техникасы ойнотулмакчы. Лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.
УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөрдү аныктады