Путин АКШнын мурдагы чекисти Сноуденге Россия жарандыгын берди

Сноуден 2013-жылы купуя маалыматтарды ЖМКларга берип салган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге Россиянын жарандыгын берди.
Аталган документ россиялык укуктук маалыматтар порталына жарыяланды. Андан Сноуден Эдвард Жозеф 1983-жылы 21-июнда АКШда туулганы жазылган.
Сноуденге жарандык анын өтүнүчү менен берилгенин Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди.
Анын жактоочусу Анатолий Кучерен Эдвард Сноудендин артынан эле жубайы Россиянын жарандыгын алуу үчүн арыз бере турганын айткан. Ошондой эле ал Сноудендин мобилизацияга туш келбестигин, мунун себебин Россия армиясында кызмат өтөбөгөнү менен түшүндүргөн.
АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин экс-кызматкери Эдвард Сноуден 2013-жылы Washington Post жана Guardian гезиттерине АКШ менен Улуу Британиянын интернетти аңдыган программасы тууралуу купуя маалыматтарды берип салган. Ал Гонконгго учуп, транзит аркылуу Москвага келген. Россия Сноуденге бир жылга убактылуу баш паанек берип, АКШга каршы ишмердүүлүгүн токтотуу шартын койгон. 2014-жылдын 1-августунда Сноуден туруктуу жашоого уруксат алган.
Путин студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узарткан жарлыкка кол койду