Радио

Жумабеков: Россия Пржевальский музейине тарыхый сүрөттөрдү өткөрүп берет

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков Евразия мамлекеттеринин профсоюздарынын 34-съезди Кыргызстанда өтөрүн айтты.
Sputnik
Евразия мамлекеттеринин ЖОЖдорунун профсоюздар ассоциациясы 1987-жылы СССР университеттеринин профсоюздарынын ассоциациясы болуп түзүлүп, биринчи съезди болгон. Андан бери жыл сайын ар кайсы мамлекеттерде уюштурулуп, быйыл 34-съезди Бишкек жана Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Бул тууралуу Кубанычбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, съездге Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин 70 ЖОЖунан 60 өкүл катышат.
"Евразия мамлекеттеринин профсоюздар ассоциациясына Кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы КУУ гана мүчө болуп эсептелет. Жыл сайын анын съезди өтөт. Анда ар кандай маселелер каралат. Быйыл "Профсоюздардын иш алып баруусунда улуттук жана регионалдык өзгөчөлүктөр" деген теманын алкагында чогулуп жатабыз. Пандемияга байланыштуу бир жыл болбой калгандыктан быйыл 34-съезди өтөт. Улуттук университеттин 90 жылдык мааракесине карата аталган жыйын чоң жыйындар залында 29-сентябрь күнү ачылышы болот. Советтик жана россиялык окумуштуу, экономист, Ломоносов атындагы ММУнун бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы, Евразия ЖОЖдорунун профсоюздарынын ассоциациясынын төрагасы Игорь Котлобовский өзү да келет. Съездде аталган окуу жайдын кызматкерлеринин ишинин натыйжасында Россиянын география коому биздин Караколдогу Пржевальскийдин мемориалдык музейине саякатчынын сүрөттөрүнөн турган "Саякатка айланган өмүр" фотокөргөзмөсү белекке тапшырылат. Бул көргөзмө музейге жетирилгенге чейин КУУда коюлат. Окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер, съезддин катышуучулары көрө алат", — деди Жумабеков.
Ал съездге ЖОЖ профсоюздарынын жаштар канатынын да өкүлдөрү келип, студенттердин көйгөйлөрүн көтөргөн маселелерди талкууга коюшарын кошумчалады.