Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды

Буга чейин иштеп жаткан элчини кызматтан алуу боюнча жарлык чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кызматынан бошотулуп, ордуна Актилек Мусаева дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мусаева тууралуу көп маалымат жок, биринчи вице-премьердин коомдук башталыштагы кеңешчиси жана "Золотой лист" инвестиция-консалтинг компаниясы" ЖЧКсынын директору болгон.
Равшанбек Сабиров Инвестициялар агенттигинин жетекчилигинен кетти