Кыргызстан менен Россиянын ИИМ өкүлдөрү жарым-жартылай мобилизацияны сүйлөштү

Жолугушууда мекендештер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселелери да талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. ИИМдин Россиядагы өкүлү, КМШдагы Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун директорунун орун басары Аскат Алиев Россиянын Ички иштер министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчилиги менен жолукканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар Россиядагы жарым-жартылай мобилизация боюнча пикир алмашып, РФ полициясы кыргыз тарапты Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына мыйзамдарды сактап, ал жакта тартип бузбай жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган.
Мындан сырткары, алар миграция жаатында кабыл алынган мыйзамдардагы инновация, мекендештер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу маселелерин талкуулашкан.
Иш-чаранын аягында тараптар достук мамилелерди чыңдоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.
Путин студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узарткан жарлыкка кол койду