ЕАЭБде евразиялык электрондук эмгек биржасы иштей баштайт

Министр бул жумуш берүүчүгө да, иш издеген адамдарга да пайдалуу болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. ЕАЭБде евразиялык эмгек биржасы иштей турганын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрликтин маалымат кызматы Базарбаев "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" деп аталган эл аралык форумда сүйлөгөнүн кабарлады. Иш-чара 27-28-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өтүп жатат.
"Бирдиктүү санарип экосистемасынын түзүлүшү мамлекеттер аралык маалымат ресурстары менен санарип кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Өлкөлөр аралык санарип платформаларды түзүп, аны кеңири колдонууга жол ачат", — деди министр.
Ал мындай кадам жумуш издегендерге ЕАЭБ мамлекеттеринде иш табууга жол ачса, экинчи жагынан иш берүүчүлөрдүн кесипкөй жумушчуларды табуусуна өбөлгө болорун белгиледи.
Министр эмгек ресурсунун бирдиктүү рыногу мигранттар жана алардын үй-бүлөсү үчүн бирдей эмгек жана социалдык укугун камсыздап бериши керектигине токтолгон.
Форум министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ЕЭК, Өзбекстандын министрлери, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эксперттердин катышуусу менен өтүп жатат. Алар биримдикке кирген мамлекеттерде иштеп жүргөндөрдүн абалын жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгууда.
Эксперт ЕАЭБдин миссиясы менен максатын түшүндүрдү