РФ элчиси: кыргыз санжырасы — адамды текеберликтен өйдө кармаган улуу нерсе

Удовиченко санжыра ата-бабаларды, өткөндү унутпай жүрүүгө тарбиялаган улуу нерсе экенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Бишкекте өтүп жаткан КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн орус тилдүү коомчулугунун аймактык форумунун ачылышында кыргыздын санжырасын өзгөчө баалай турганын айтты.
Форумда элчи Россия менен Кыргызстан достук мамиледе экенин белгилеген.
"Кыргыз эли канчалык меймандос экенин, алар конокко башкача мамиле жасаарын көрүп жатасыздар. Кыргыз баалуулуктарынын ичинен мага өзгөчө санжыра жагат. Бул ата-бабаларды, өткөндү унутпай жүрүүгө тарбиялаган, азыркы текеберликтен адамды өйдө кармаган улуу нерсе", — деген ал.
Элчи Кыргызстанда аялдар өзгөчө орунду ээлей турганын кошумчалаган.
"Аялдардын орду чоң экенин алардын бизнес, коомдук иштерге активдүү катышканынан байкап келем. Бул коомдун руханий кайра жаралышын камсыз кыла алат. Руханий байлык, адеп-ахлак жок заманбап коом саздан чыга албайт", — деген Удовиченко.
Эске салсак, учурда Бишкекте КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн орус тилдүү коомчулугунун аймактык форуму өтүп жатат.
Бишкекте мигранттар кабылган кыйынчылыктарды талкуулаган форум өтүүдө