Кыйынмын! Бишкекте кыз-келиндерге арналган мурал пайда болду

Сүрөт аялдарга күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялына жетүүгө түрткү берүү максатында тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте кыз-келиндер, аялдарга арналып "Кыйынмын" деп аталган мурал пайда болду.
Маалым болгондой, сүрөттү Осмонкул жана Күрөңкөев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын бооруна Basicolors арт-тобунун сүрөтчүлөрү тарткан.
Негизги максат — аялдарга күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялына жетүүгө түрткү берүү.
Эски сүрөт алмашты. Бишкекте жаңы дубал сүрөтүнүн бет ачары болду