БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Чүй электр тармактары ишканасы 28-сентябрда Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчө турганын билдирди.
Бул күнү энергетиктер бак-дарактарды бутоо, оңдоо жана электр жабдууларын техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт.
Электр энергиясы үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
саат 9:00дөн 13:00гө чейин — Ат-Башы, Интернациональ, Күрөңкеев, Калык Акиев көчөлөрүнүн бөлүктөрү жана Жыргалаң, Огород тар көчөлөрү;
9:00дөн 17:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун Баба-Ата, Кара-Кужур, Шералиев, Шербет, Миң-Куш, Эр-Тайлак, Сары-Булуң, Ак-Туз, Токтосун, Түштүк Магистраль, Садыбакасов, Садырбаев, Камбар-Ата көчөлөрү, №27 кичи район, "Ак-Ордо" конушу (Каркыра, Солтон-Сары, Арпа, Кетмен-Төбө, Кырчын, Нур-Ордо көчөлөрү, Бугу Эне, Кара-Булак, Бар-Булак, Гүл-Ордо, №2, 4 кичи райондору) жана Кара-Жыгач конушу (921-тилке). Панфилов көчөсүнүн №8 үйү, 6-кичи райондун №13/1 үйү жана Төмөнкү Ала-Арча айылынын бөлүгү (Новая, Тихий көчөлөрү, Совет тар көчөсү);
9:00дөн 18:00гө чейин — Исанов (№65-67 үй), Абдыкадыров, Төрөкул Айтматов, Кантемиров, Кирпич, Керимов, Курманжан датка, Мечников, Осмонкул, Суворов, Сүйүмбаев, Пархоменко, Торфяная, Челюскин көчөлөрүнүн бөлүгү, Двинский, Каганский, Кирпичный, Курский, Школьный, Фонтан тар көчөлөрү. "Калыс-Ордо" конушу (Калыс-Ордо, Калыс-Ордо-8, Калыс-Ордо-9, Калыс-Ордо-20, Калыс-Ордо-106, Калыс-Ордо-107, Калыс-Ордо-108 көчөлөрү);
9:30дан 17:00гө чейин — Орто-Сай айылы (Совет, Шамши, Лесхозный, Рысмендеев көчөлөрү);
9:30дан 18:00гө чейин — 11-кичи районундагы №5,6,9 үйлөр, Лермонтовдон Осмонкул көчөлөрүнө чейин;
13:00дөн 18:00гө чейин — Саадаев, Түлөбердиев көчөлөрүнүн бөлүгү жана Витебск, Снегиревский тар көчөлөрү.