Бишкекте мигранттар кабылган кыйынчылыктарды талкуулаган форум өтүүдө

Министрлик иш-чарада кандай маселелер кеп болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Бишкекте "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" аталышындагы форум башталганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ЕЭКте финансы саясаты жана экономика боюнча коллегиянын мүчөсү Бакытжан Сагинтаев, Өзбекстандын эмгек мамилелери жана иш менен камсыз кылуу министри Нозим Хусанов, Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов, эксперттер, диаспора өкүлдөрү катышууда.
Алар ЕАЭБ өлкөлөрүндө мигранттар кабылган кыйынчылыктарды талкуулап, эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгышмакчы. Ошондой эле каттоого туруу, эмгек рыногундагы бирдиктүү талаптар сыяктуу темалар көтөрүлөрү айтылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларынын сунуш, демилгелеринин негизинде иштелип чыккан резолюцияны кабыл алуу пландалып жатат.
Радио
Акматбеков: мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу планы бар