Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде курула турган үйлөрдүн эскизи

Турак жайлар республикалык бюджеттин эсебинен салынарын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткендеги чек ара тилкелериндеги айылдардагы талкаланган үйлөрдүн ордуна курула турган тамдардын эскизин жарыялады.
Буга чейин кол салуудан талкаланган үйлөр 26-сентябрдан тарта кайрадан курула баштаары маалымдалган. Турак-жайлар республикалык бюджеттин эсебинен салынып, кирпич менен көтөрүлүп, монолит менен жабылат.
23-сентябрга карата Тажикстандын агрессорлук менен кол салуусунан улам Кыргызстанда 1 158 объект талкаланса, анын ичинен 613ү турак үйлөр экени айтылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров чек арада талкаланган үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырды