Радио

Саалаев: аскердик илимий изилдөөлөргө көңүл бурулат

Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев мекенди коргоо боюнча аскердик илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасы Коргоо министрлигине жүктөлгөндүгүн айтты.
Sputnik
Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институту окуу процессин модернизациялоо, маалымат технологияларын киргизүү боюнча иштерди жасап, күчтүү адистерди даярдоого басым жасайт. Бул тууралуу Талгат Саалаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Аскер институтунун карамагында илимий-изилдөө башкармалыгы ачылып, илимий багытта иш алып барат.
"Жалпы билим берүү системасында илим-изилдөө багытына өзгөчө көңүл буруу кажет. Ааламдашууда маалыматтык технологиялар өнүгүп, ага жараша согуштун ыкмалары да өркүндөп, курал-жарактар да өзгөрүүдө. Буга байланыштуу Аскер институту окуу процессин модернизациялоо, маалымат технологияларын киргизүү боюнча иштерди жасап келет. Албетте, анын баары каражатка барып такалат. Мекенди коргоо боюнча аскердик илим-изилдөө иштерин жасоо тапшырмасы Коргоо министрлигине жүктөлгөн. Учурда институттун базасында илимий-изилдөө башкармалыгы ачылды. Күчтүү аскердик кадрлар бизге абдан керек", — деди Саалаев.
Ошондой эле адис аскердик илимий-изилдөө иштерин алып баруу үчүн жаш кадрлар чет мамлекетке окууга жиберилгенин кошумчалады.