БИШКЕК, 27-сен.— Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Эмгек рыногу боюнча Евразия диалогу" эл аралык форумуна катышып, ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүп чыгуу керектигин айтты.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстан төрагалык кылууда. Жапаров бул форум маанилүү экенин жана өз учурунда өтүп жатканын кошумчалаган. Ал чечүүгө басым жасай турчу бир катар маселелерди тизмектеген.
"Биринчиден, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калкынын иш менен камсыз болушун караган оң. Экинчиден, инфляция мигранттардын кирешесин жебеши керек. Үчүнчүдөн, жогорку технологиялык товарларды жана санариптик продукцияны өндүрүүнү биргелешип ишке ашыруу зарыл. Бул үчүн жаңы технологияларды ойлоп табууга жана коомдун керектөөсүнө ыңгайлаштыра алган квалификациялуу кызматкерлер керек", — деген Жапаров.
Ал форум интеграциялык максаттарды ишке ашырууда жетишилген ийгиликтерди талкуулап турган жыл сайын өтүүчү аянтча болуп каларына ишеним артты.
"Бул аянтта эмгек мигранттарыбыздын көйгөйлөрүн чече турган инсандар чогулду. Биз аларга ЕАЭБде ыңгайлуу иштөө шарттарын иштеп чыгышыбыз керек", — деген ал.
Белгилей кетсек, форум эки күнгө созулуп, мигранттар кабылган кыйынчылыктар талкууланып, эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга багытталган чаралар иштелип чыкмакчы.
Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларынын сунуш, демилгелеринин негизинде иштелип чыккан резолюцияны кабыл алуу пландалып жатат.