28-сентябрга карата аба ырайы

28-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолорунда кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана калган бөлүгүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Талас аймагында жана Ысык-Көл чөлкөмүндө +15...+20, Нарын жергесинде +16...+21 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, Ошто +24...+26 градуска жетет.
Радио
Садирова: "Санарип аймак" аркылуу маалым каттар автоматтык түрдө берилет