Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргызстандын Чек ара кызматы Ozodi тараткан маалыматты четке какты

Чек ара кызматы Тажикстандагы басылма жалган маалымат таратканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган “Кыргызстандын аскерлери аткан минометтун снаряды жарылып, жергиликтүү тургун жабыркады” деп жарыяланган маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.
26-сентябрь саат 21:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экени айтылды. Кыргыз тарап соңку ирет макулдашылган №42 протоколду аткарууда.
“Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок. Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери тартып койгон жарылуучу зат жарылганда каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы Тажикстандын тиешелүү жана укук коргоо органдарын ЖМКлар чек арада улуттар аралык жаңжалды жана чагымдарды козутууга өбөлгө түзүп, атайылап жалган маалыматтарды таркатып жаткандыгына көңүл бурууга чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук