Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ташиев менен Ятимов кол койгон №42 протоколдун көчүрмөсү жарыяланды

Бүгүн Ташиев маалымат жыйын өткөрөрү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы "Тамдык" заставасын жана үч постту алуу боюнча макулдашылган №42 протоколдун көчүрмөсү жарыяланды.
Бүгүн аталган макулдашуу тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрөрү күтүлүүдө. Анын алдында министрлер кабинетинин маалымат кызматы документтин көчүрмөсүн журналисттерге таратты.
Протоколдо Кыргызстандан "Тамдык", тажик тараптан "Бедак" заставалары жоюлары жазылган. Аны менен катар "Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" (Тажикстан), "Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Карачикум" (Тажикстан), "Дача" (Кыргызстан) — "Шаршене" (Тажикстан) посттору алынат.
"Кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүткөнгө чейин аймакты өздөштүрүүгө, түрттүрүүгө, курулуш жүргүзүүгө жана коммуникацияны жылдырууга жол берилбейт. Жергиликтүү тургундардын айыл чарба иштерин улантуусу камсыздалсын", — деп жазылган протоколдо.
Документке ылайык, мамлекеттик чек араны көчмө отряддар белгиленген жана макулдашылган маршрут боюнча көзөмөлдөйт. Жаңжал көп тутанган жерлерге видеокамера орнотулат. Чек ара наряды жана дөңсөөгө посттор коюлбайт. Жергиликтүү бийлик эки айдын аралыгында аталган тилкелерге видеокамераларды орнотору айтылды.
Баткенде кыйраган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш башталды