Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук

УКМК төрагасы чек арага эки тараптан тең куралданган жоокерлер турбасын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткендин Ак-Сай айылынын кире беришине, башкача айтканда, Ак-Сай постунун ордуна милициянын пунктун ачууну чечтик. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Ак-Сай посту менен Тажикстан тараптын Шаршара постунда чыр-чатак көп болот. Булар алынгандыктан алардын ордуна милициянын пунктулары ачылмай болду.
"Тажик тарап Ходжала айылына милициянын пунктун ачат. Ал эми биз болсо мындай пунктуну Ак-Сай айылынын кире беришине коёбуз. Ал жакта милиция кызматкерлери тартипке көз салышмакчы. Эки тараптан тең чек арага куралданган жоокерлер турбайт", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы үч пост, бир заставаны алуу боюнча чечим чыр-чатакты мындан ары болтурбай кармап туруу үчүн кабыл алынганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Анда эки тараптан үчтөн пост, бирден заставаны алып салуу макулдашылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ташиев менен Ятимов кол койгон №42 протоколдун көчүрмөсү жарыяланды