Равшанбек Сабиров Инвестициялар агенттигинин жетекчилигинен кетти

Сабиров аталган кызматка ушул жылдын март айында дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Сабиров кызматтан өз каалоосу менен кетип, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми экинчи жарлык менен аталган агенттиктин жетекчилигине Умбриэль Темиралиев дайындалды.
Умбриэль Темиралиев
Эске салсак, 2022-жылдын март айында Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги KADI мамлекеттик мекемесинин базасында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик болуп түзүлүп, ага Равшанбек Сабиров жетекчи болуп дайындалган.
"Улуттук электр тармактары" ишканасынын директору алмашты