Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ошто убактылуу жашап жаткан Баткендин тургундары үйлөрүнө жөнөтүлө баштады

Мэрия Баткенге каалоочуларды гана жиберип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаарында Баткен облусунун тургундары үйлөрүнө жөнөтүлө башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ош шаарында Баткен облусунун тургундары үйлөрүнө жөнөтүлө башталды

2 / 2

Билдирмеге караганда, мэрия Баткенге каалоочуларды гана жиберип жатат

Билдирмеге караганда, мэрия Баткенге каалоочуларды гана жиберип жатат.
"Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги Баткен шаарына алгачкы 150 адамды жеткирүү үчүн 10 кичи автобус уюштурду", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 16-сентябрда тажик тарап Кыргызстанга кол салып, мындан улам Баткендеги чек арага жакын айылдардын жашоочулары эвакуацияланган. Алардын кээ бири Ош шаарына убактылуу жайгаштырылган. 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада абал тынчыганын айтып, эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайта берсе болорун белгилеген.
Чек арадагы алынган посттор. Аймакты көчмө чек ара отряддары көзөмөлдөйт