Тобокел тобуна кирген адамдар жыл сайын мамлекет тарабынан акысыз эмделет. Ага медициналык кызматкерлер, онкологиялык жактан оорулуулар, кант диабетине чалдыккандар, кош бойлуулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндөгү адамдар жана башка өнөкөт оорусу бар жарандар кирген. Тилекке каршы, жылдан жылга алардын саны өсүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Султан Суранбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, октябрдан баштап сасык тумоого каршы эмдөө башталып, бардык медициналык борборлор элди кабыл алат.
"Ушул жылдын октябрынан тарта өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун күч алышы күтүлүүдө. Аны аба температурасынын төмөндөшүнө жана сезондук факторлорго байланыштырсак болот. Ооруну алдын алуунун негизги жана туура жолу — вакцина. Мисалы, тобокел тобуна кирген адамдар жыл сайын мамлекет тарабынан акысыз эмделет. Ага медициналык кызматкерлер, онкологиялык жактан оорулуулар, кант диабетине чалдыккандар, кош бойлуулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндөгү адамдар жана башка өнөкөт оорусу барлар кирген. Тилекке каршы, жылдан жылга алардын саны өсүп жатканы байкалууда", — деди Суранбаев.
Адис COVID-19 вирусуна жана сасык тумоого каршы вакцинаны бир учурда албай, ортодо кеминде эки жума аралыкты сактоо керектигин кошумчалады.