БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Москвада Кыргызстан менен Россиянын футбол командаларынын беттешүүсү пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун башчысы Медербек Сыдыков "Матч ТВ" телеканалына билдирген.
Анын айтымында, экинчи оюн 2023-жылга пландалды. Биринчи жолдоштук беттеш 24-сентябрда Бишкекте өткөн. Командалардын биринчи ирет кезиккен оюну 1:2 эсеби менен россиялыктардын пайдасына аяктаган болчу.
"Россия футбол союзу менен пикир алмаштык, кызматташуубузду улантабыз. Экинчи оюн тууралуу оозеки макулдашуу бар, көрөбүз. Кийинки жылы Москвада өтүшү керек", — деди Сыдыков.
Ал Россиянын курама командасы менен болгон жолдоштук беттеш Кыргызстан үчүн тарыхый ирмем экенин белгилеген.
"Биздин команда үчүн бул чоң тажрыйба болду, балдар татыктуу оюн көрсөтүштү. Беттештен кийин кирип колдоо сөздөрүмдү айттым. Россия — европалык деңгээлдеги команда, биринчи жолу кезиктик, биз үчүн ушунун өзү эле тарыхый учур. Ал эми оюндун сапатына машыктыруучулар баа берет", — деди Сыдыков.