Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт

Шектүү унааны Олжо тилкесинен чек ара кезмети байкап токтоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон куралдуу кагылышууларга карабастан аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүү фактылары катталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Баткен районуна караштуу Олжо тилкесинен чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 21 жаштагы Т.М. аттуу жараны айдап келе жаткан Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

"Автоунаадан тогуз кап насыбай табылды. Айдоочу насыбайды Тажикстандан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Андан ары ал Кыргызстандын аймагында сатмак болгон. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган айдоочу жана жүк иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Аскердик продукцияны РФтен Кыргызстанга мыйзамсыз ташып турган шектүү аныкталды