Пресс-борбор

Чек арадагы тыгын көйгөйүн чечет. КР менен РФ сунуштаган сынамык долбоор

Долбоор жарым жылга созулат, жүк ташуучу жергиликтүү компаниялардын буга макулдугун берип жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия товарды чек арадан алып өтүүдө электрондук навигациялык пломбаларды колдонгон тажрыйба жүргүзүүгө ниеттенип жатат.
Мында Казакстан аркылуу өтүп жаткан жүк тинтилбестигин жана чек арада тыгын азаярын экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева
Аткаминердин айтымында, Кыргызстан менен Россиянын ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдары 1-октябрдан 31-мартка чейин өз ара соодада электрондук навигациялык пломбаларды тесттен өткөрүүнү пландашты.
Кеп темир же автоунаа жолу туурасында жүрүп жатат. Долбоор эгерде алар кызыкдар болсо Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүн бириктирүүнү сунуштайт.
"Жүргүзүлө турган тажрыйбанын максаты — апробацияланган маалыматтык тутум жана товарлардын кайда кетип бара жатканына, толук жеткирилишине байкоо салып туруш үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу. Андан сырткары, тышкы экономикалык ишмердик боюнча алаканы жүргүзүүгө катышкандарды ЕАЭБдеги аталган пломбалоону колдонууга даярдоо", — деп айтып берди Исаева.
Тактоо үчүн берилген соболго жооп берип жатып көздөгөн жерге жеткирилмейин, пломбаланган транзиттик жүктү токтотууга болбой тургандыгын белгиледи.
"Бул биздин Россияга жеткириле турган жүктөрдү Казакстандын аймагы аркылуу алып кетип бара жаткандагы татаалдыкты азайтуучу оң жагдай. Чек арадагы тыгынды азайтат. Биздин жүк ташуучулар мындай иш тажрыйбаларга толугу менен даяр экендиктерин айтып жатышат", — деп кошумчалаган Исаева.
Пресс-борбор
ЕАЭБдеги барьерлер маселеси кандай чечилип жатканын министрликтен айтып беришти