Интернет аркылуу "Россотрудничество" 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш илимпоздорго илимий саякат уюштуруп жатканы тууралуу маалымат алдым. Билдирүү калтырып, өтүп кеттим. Кыргызстандан эки киши катышты. Бул тууралуу Анарбек уулу Советбек Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор география, биология, зоология, ботаника жаатындагы адистер үчүн уюштурулган.
"Жаш окумуштууларга багытталган бул долбоордун негизги максаты — илим менен саякатты айкалыштыруу, жаңы туристтик багыттарды ачуу. Аталган экспедицияга дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинен 25 жаштан 35 жашка чейинки окумуштуулар катышты. Кыргызстандан алгач барууну каалагандар көп эле болуп жаткан, ар кандай себептерден улам эки гана илимпоз сапарга чыктык. Экспедицияга чет элдик окумуштуулар Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Камчатка жарым аралындагы Налычево паркына бардык. Жалпысынан 21 окумуштуу болдук. Сербия, Казакстан, Греция, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден келгендер биригип, эки топко бөлүндүк. Биздин топ авачиндик группа деп аталып, жалпы 17 адамдан турду. Анын ичинде бизге жол көрсөтүп жүргөн гид да бар. Биз токой, жанар тоо, түздүктөрдү изилдесек, окумуштуулардын экинчи тобу деңизди көздөй сапар алышты. Саякатыбызда кадимки эле туристтердей 20 килограммдан аз эмес баштыктарыбызды жонубузга артынып, чатырларда түнөп жүрдүк. Ошол аймактагы жанар тоолордон өттүк. Анын учкундары келип түшкөн жерде жаңыдан жашоо пайда болуп, кээ бир аймактарында чөптөрдүн өсө баштаганын көрдүк. Камчаткадан башка эч жерде жок өсүмдүктөрдү, Кызыл китепке кирген жаныбарларды кезиктирдик. Ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүү багытта маалымат чогултуп жүрүп отурдук. Аны учурда кагазга түшүрүп, отчёттук маалымат даярдап жатабыз", — деди Анарбек уулу.
Илимпоз мындай экспедициялар илимди гана өнүктүрбөстөн туризмди да туура багытта өстүрүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.