Баткенде 453 турак жай кайра салына турган болду

165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткенде тажик тараптын кол салуусунан 618 турак жай талкаланган, анын 453ү кайра курулат. Бул тууралуу Медиа штабдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү. Белгилей кетсек, учурда чек ара чегинде кыйраган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш иштери башталууда. Президент Садыр Жапаров үйлөр жаңы жылга чейин салынып бүтүшү керек деген тапшырма берген.
Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 16-сентябрда тажик тарап Кыргызстанга кол салган. Андан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 200гө жакын киши ар кандай жаракат алган.
Тажик тарап эл жашаган турак жайларды, мектеп, бала бакча, базардан бери өрттөп, талкалаган. Үйлөрү кыйрабаган Баткендин тургундары акырындык менен жашаган жерлерине кайта баштады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ошто убактылуу жашап жаткан Баткендин тургундары үйлөрүнө жөнөтүлө баштады