Пресс-борбор

ЕАЭБдеги барьерлер маселеси кандай чечилип жатканын министрликтен айтып беришти

ЕАЭБдеги тоскоолдуктар боюнча маселе өтө кылдаттыкты жана аларды создуктурбай чечүүнү талап кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Биринчи жарым жылдыкта ЕАЭБде бир катар барьерлер жоюлганын Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева кабарлады.
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат жыйынында өткөн ЕЭК кеңешинин жыйынтыгы боюнча брифингге катышты. Эске салсак, ЕАЭБдин вице-премьерлеринен турган ЕЭК кеңеши 23-сентябрда Москва шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен кезектеги жыйынын өткөрдү.
Исаеванын айтымында, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан союздун ички рыногунда тоскоолдукту жараткан жагдайлар бар. Алар "төрт эркиндиктин" принциптерин токтотуп жатат.
"ЕАЭБдеги тоскоолдуктар маселеси жалпы биримдик үчүн өтө кылдат мамилени жана аларды создуктурбай чечүүнү талап кылат. Тараптар (ЕЭК кеңешинин отурумунда) союздун ички рыногундагы тоскоолдукту четтетүү боюнча иштин кандай жагдайда экендигин чагылдырган аналитикалык маалыматтарды карашты. Аны менен катар эле тиешелүү чечимди кабыл алышты", — деген Исаева.
Орун басар министр төмөнкүлөргө токтолду.
"Реестрде 48 тоскоолдук белгиленген (12 барьер жана 36 чектөө). 2022-жылдын биринчи жарымында 3 барьер аныкталып, беши жок кылынган, экөө барьер белгиси бар тоскоолдуктар деп таанылып, бирөө алынган", — деп кошумчалаган ал.
КРдин төрагалыгы алдында ЕЭК кеңешинин отуруму өттү. Кабыл алынган чечимдер