ДЭР башчысы: референдумдун алдын ала жыйынтыгы биз күткөндөн алда канча жакшы

Добуш берүү беш күнгө созулат, тагыраагы, 27-сентябрда аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Донецк Эл Республикасындагы референдумдун алдын ала жыйынтыгы биз күткөндөн алда канча жакшы болууда. Бул тууралуу ДЭР башчысы Денис Пушилиндин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Эл эмнеге добуш берип жатканын көрүп, көз кубанат. Алдын ала жыйынтык биз күткөндөн да жакшы болуп жатат. Буга чейин бир топ социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок азыркы кырдаал биз үйүбүзгө, Россияга барууну каалап жатканыбызды көрсөтүүдө", — деген ал.
Россиянын курамына кирүү боюнча референдум Донецк, Луганск эл республикаларында жана Херсон, Запорожье облустарында башталган. Добуш берүү беш күнгө созулат, тагыраагы, 27-сентябрда аяктайт.
Тез аранын ичинде референдум өткөрүүнү бийликке жергиликтүү тургундар сунушташкан. Аталган республика, облустардын өкүлдөрү Россиянын курамына кошулуу менен аймакта коопсуздук өкүм сүрөт деген ниетте. Россия президенти Владимир Путин Донбасс жана Запорожье, Херсон облустарынын кабыл алган чечимин РФ колдой турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Биз 8,5 жыл күткөнбүз". Донбасс тургундары референдум тууралуу. Видео