Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Бишкекте Баткенден келгендер үчүн төрт пункт иштеп жатат. Даректери

Баткендиктер кандайдыр бир суроолор жаралса аталган жайларга кайрыла алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу Баткен облусунан келген тургундар үчүн Бишкекте пункт ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Баткендиктер кандайдыр бир суроолор жаралса аталган жайларга кайрыла алышат.
Пунктулар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек жолу проспектиси, 495, 0(312) 670433, 0700 020167;
Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй проспектиси, 28, 0(312) 530368, 0702148830;
Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик баатыр көчөсү, 17, 0312 51-02-63, 57-04-59;
Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2, 0(312) 653748, 653926.
Мындан сырткары, мэрия Баткендеги куралдуу кагылышта жабыркагандарга бишкектиктер 552 563 сом чогултуп бергенин белгиледи. Аны менен катар 12,3 тонна ун, 49,3 тонна кумшекер, 3 095 литр өсүмдүк майы, 1 393 даана консервацияланган азыктар, 7 тонна ун азыктары, 9 тонна гигиеналык каражаттар, 4 007 медициналык керектөөлөр, 2,7 тонна жер-жемиш, 2,8 тонна дан азыктары, 351 килограмм кондитердик азыктар жана кийимдер жөнөтүлгөн.
Ташиев: эвакуациялангандар, үйүңөргө кайта бергиле, чек арада абал тынчыды