Баткенде кыйраган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш башталды

ӨКМдин маалыматы боюнча, Баткенде 321 турак жай жашоого жараксыз деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткенде тажик тараптын кол салуусунан талкаланган үйлөр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керек. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, чек ара чегинде кыйраган үйлөр түрттүрүлүп, учурда курулуш иштери башталды.
Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 16-сентябрда тажик тарап Кыргызстанга кол салган. Андан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 200гө жакын киши ар кандай жаракат алган. ӨКМдин маалыматы боюнча, Баткенде 321 турак жай жашоого жараксыз деп табылып, алтоону дагы калыбына келтирүү керектиги айтылган. Ошондой эле жети мектеп, беш бала бакча, эки ФАП, 320 чарбалык курулуш жана 145 турмуш-тиричилик объектилери талкаланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ыктыярчыбыз деп акча чогулткан шылуундар көбөйдү. ИИМдин эскертүүсү