Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Ыктыярчыбыз деп акча чогулткан шылуундар көбөйдү. ИИМдин эскертүүсү

Министрлик жабыркагандарга акча которо турчу банктык реквизиттер расмий маалыматтарда гана көрсөтүлөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Алдамчылар өздөрүн ыктыярчы, активист катары тааныштырып, жеке кызыкчылыгы үчүн акча чогултууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, элди алардан сак болууга чакырды.
"Акча чогултуу үчүн шылуундар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, ал аз келгенсип, билдирүүлөрүнүн алдына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жарадар болгон жоокердин сүрөтүн бекитип коюшууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жабыркагандарга акча которо турчу банктык реквизиттер расмий маалыматтарда гана болорун эскертти.
Белгилей кетсек, тажик тараптын кол салуусунан Кыргызстанда 62 адам каза болуп, 198 адам жабыркаган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткендеги гумжардам жайларынын дареги, жооптуу адамдардын номерлери