Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык экс-депутат: Германия экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн

Мурдагы парламентарий Германия 2030-жылы бөлүнүшү мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Германия кайрадан эки мамлекетке бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу Раданын экс-депутаты Илья Киванын Telegram каналындагы билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
Саясатчы Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Россиянын Украинадагы атайын операциясы боюнча айткандарын сынга алды.
"Шольц Батыштын Россияга каршы ачкан согушу Европанын кыйрашына жана Германиянын Чыгыш менен Батыш болуп бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн экенин билбейт", — деди Кива.
Мурдагы парламентарий Германия 2030-жылы бөлүнүшү мүмкүн деп эсептеп жатат.
Германияда азык-түлүк тартыштыгы жаралабы? Ишкерлер коңгуроо кага баштады