Теридеги тактар жана бүдүрлөр кайсы оорулардан кабар берет

Теринин өзгөрүшү кээде рак, кант диабети, жүрөк, өпкө ооруларына байланыштуу болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Теринин өзгөрүшү кайсы оорулардан кабар бере турганын "Доктор Питер" порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистер олуттуу ооруларда теринин катмарлары өзгөрүп кетерин билдирген.

Көкүрөктөгү бүдүрлөр

Адатта денеге чыккан бүдүрлөр зыян эмес жана бир нече күндөн кийин тарап кетет. Эгерде бүдүрлөр кызыл болсо, кычышуу жана оору менен коштолсо, кайсы бир илдеттен, анын ичинде көкүрөк безинин рагынан кабар бериши ыктымал.

Кара, күрөң тактар

Көбүнчө денеде мындай тактар жаш курактын өтүшү менен пайда болушу ыктымал. Эгерде тактар көп болсо жана улам эле пайда боло берсе, анда дарыгерге кайрылуу керек. Адатта организмде шишик өрчүп жатканынан кабар бериши да ыктымал. Мындан улам органдарды жабыркатып, тактарды көбөйтүүчү заттарды бөлүп чыгат.

Колтуктагы кара тактар

Мындай өзгөрүүлөр диабетке чалдыгуу коркунучунан жана 2-типтеги диабеттен кабар берет.
Белгилей кетсек, колтуктун териси назик келет. Андыктан кара тактар күнгө күйгөндө, жүнүн алганда же дезодорант колдонуудан пайда болушу мүмкүн.

Кызгылт көк тактар

Чанда кездешкен симптомдордун бири. Көбүнчө канда кычкылтектин жетишсиздигинен болот. Бул жүрөк жана өпкө ооруларына кептейт. Ошондой эле кайсы бир дарыларга реакция болушу мүмкүн.

Ксантома

Жөнөкөй тил менен айтканда тегерек же сүйрү келген сары бүдүрлөр. Адатта көздүн айланасына, колу-бутка, жамбашка чыгат. Бул зыяндуу холестерин көп иштелип жатканынан жана диабеттен кабар берет.
Кышкысын бөлмөдөгү кургак аба кандай ооруларды пайда кылары айтылды