Си Цзиньпин камалдыбы? Социалдык тармактарды фейк жаңылык каптап кетти

Си Өзбекстандан кайтып келгенден кийин аэропорттон кармалганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кечээ айрым ЖМКлар Кытайда мамлекеттик төңкөрүш болушу мүмкүн экенин жаза баштады. Алар президент Си Цзиньпин маанилүү жолугушууларда көрүнбөй, өлкөдө авиакаттамдар массалык түрдө токтотулганын айтып жатканын Regnum кабарлады.
Кептин баары Индиянын Tfiglobalnews порталы жазган "Си Цзиньпин камактабы?" деген кабардан башталган. Анын автору Си Самаркандда өткөн ШКУ саммитинен кийин аэропортто кармалганын айткан.
Расмий тастыкталбаган бул версия тез эле дүйнөдөгү социалдык тармактарды каптады. Анткен менен Regnum Си Цзиньпин ШКУнун саммитинен кайтып келгенден кийин Кытайдагы коомдук иш-чараларга катышканын жазды.
Кытайдын ТИМ башчысы: Россиянын БУУдагы ролун эч ким жое албайт