Баткенде уулдарын жоготкон энелер үчүн Бишкекте "Саманчынын жолу" балети коюлат

Иш-чара СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына да арналат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Баткендеги каргашада уулдарынан ажыраган энелерге жана СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеванын 75 жылдыгына карата "Саманчынын жолу" балет-ораториясы коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чара 25-сентябрда саат 19:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында уюштурулмакчы.
Мекеме Кыргызстанга Айсулуу Токомбаева келгенин, министр Азамат Жаманкулов менен жолугушканын белгиледи. Эске салсак, Айсулуу Токомбаева 1995- жылдан бери Түркиядагы Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография сабагы боюнча окутуучу болуп иштеп келет.
"Саманчынын жолу" балет-ораториясы Чыңгыз Айтматовдун аталган чыгармасынын негизинде коюлган. Бул эмгек композитор, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун чыгармачылыгынын туу чокусу болуп саналат. Анда Улуу Ата Мекендик согушта жолдошунан жана үч уулунан ажыраган карапайым кыргыз аялы Толгонайдын драмалык тагдыры көрсөтүлөт.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек арага чептей туруп курман болгон кыргыздын кыраандары