Радио

Акматбеков: мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу планы бар

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков миграцияга чыгууну каалагандарды окутуу үчүн борборлорду ачуу планы бар экенин маалымдады.
Sputnik
Кыргызстанда мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу планыбыз бар. Бул тууралуу Кубандык Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган борбордо миграцияга чыгууну каалагандарды окутуу колго алынат.
"Борбор Азиянын мигранттары Россиянын мыйзамдарын, салт-санаа, эрежелерин билбей эле аталган өлкөгө барып жатканы айтылып келет. Ошондуктан мигранттар үчүн адаптация борборлорун ачуу маселеси көтөрүлүүдө. Россияга иштегени кетүүнү пландагандар ошол борбордон атайын окуудан өтүп барса, кыйынчылыктарга туш болбойт. Ошондуктан мигранттарды адаптация кылуучу борборду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын планына киргизилген. Эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери бул багыттагы иштерди жүргүзүүдө", — деди Акматбеков.
Ал аталган борборлордо окуу боюнча эч ким мажбурланбай турганын кошумчалады.