Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө миграцияда. Кыргыз коомчулугунда ата же эне баласын таштап акча табуу үчүн чет өлкөлөргө кетип жатканы кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Ата-энеси алыска кеткен баланын ой толгоосу кандай болот? Канткенде бөбөктүн кусалыгын жеңилдете алабыз? Ушул жана мындай абалдын тегерегиндеги суроолорго психолог Перизат Асылбаева жооп берди.
Адис балдардын жанында апасы же атасы калганы туура деп эсептейт. Ошондой эле ал жубайлардын бири миграцияга кетер алдында балага бул боюнча айтып, аны даярдашы керектигин белгиледи.
Тема боюнча: