Кыргыз-тажик чек арасында төрттөн пост алып салынат. Ташиев протоколго кол койду

УКМК төрагасы бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себепкер болуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болду. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал бүгүн Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганын белгиледи.
Протоколдун негизинде төмөнкү посттор алынат:
"Тамдык" (Кыргызстан) — "Бедак" (Тажикстан);
"Булак-Башы" (Кыргызстан) — "Кех" (Тажикстан);
"Катта-Туз" (Кыргызстан) — "Карачикум" (Тажикстан);
"Дача" (Кыргызстан) — "Шаршене" (Тажикстан).
Ташиев бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себепкер болуп келгенин айтты.
"Ушундай төрт постту алуу менен мурда болуп жаткан жаңжалдардын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал жерде аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы болбойт", — деди Ташиев.
Мындан сырткары, ал протколдун экинчи пункту менен кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү макулдашылганын кошумчалады.
Ташиев: эвакуациялангандар, үйүңөргө кайта бергиле, чек арада абал тынчыды