Баткенде Ташиев менен Ятимов чек арадагы соңку кырдаалды талкуулап жатат

Жолугушууга күч түзүмдөрү, облус жетекчилери катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Жолугушууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана региондогу күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда. Ал эми тажик тараптан УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келген.
Чек арачы Дастан Анарбеков дайынсыз болууда. Апасы өлкө жетекчилигине кайрылды