Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Депутат КМШ парламенттеринин жыйынында Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтты

Эл өкүлү тажик тарап КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимдерди тепсеп өткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Санкт-Петербургда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) туруктуу комиссиясынын жыйынында Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтты.
Эл өкүлү КМШ ПАА катчылыгынан кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды изилдөө үчүн эл аралык экспертттердин тобун түзүү тапшырмасын берүүнү суранган.
"Кыргызстан бардык эл аралык милдеттемелерге, Шериктештиктин регионалдык көйгөйлөрдү чечүүдө негиз болчу документтерине таянып жатат. Ал эми тажик тараптын КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы эки жана көп тараптуу келишимдерди тепсеп өтүп укукка каршы жасаган аракеттери агрессия болуп саналат", — деди Сулайманов.
Ошондой эле ал кыргыз тараптын талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүү позициясы өзгөрбөгөнүн кошумчалаган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Парламент Тажикстандын агрессиясы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу жөнөтөт